АПАРТЕИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПАРТЕИД, а п а р т х е й д (африкаанс тилинде apartheid – бөлүнүп жашоо) – расалык жана этностук белгилери б-ча бөлүп-жаруу жана дискриминациялоого багытталган саясат. Түш. Аф­рика Респ-нда (ТАР) 1948-жылдан мамл. расмий саясат катары жүргүзүлүп келген. А. кара өңдүүлөрдү (жерг. африкалыктарды) атайын жерлерге (резерваттарга, 1959-жылдан бантустандарга) жайгаштыруу менен актарга аралаштырбоо, алардын саясий-экон. укуктарын чектөө, европ-тар менен никелешүүгө, алардын коомдук уюмдарга катышуусуна тыюу салуу, жумушка албоо ж. б. камтыган. Бул саясат аркылуу бурлар (ТАРга келип отурукташкан голландиялык, фр. ж. б. европ. оторчулардын тукумдары) өзүлөрүнүн жана жерг. элдердин улуттук жана маданий өзгөчөлүгүн сактоо аракети ка­тары түшүндүргөн. Чындыгында, бул ак өңдүүлөрдүн үстөмдүгүн орнотууга багытталган сая­сат болгон. Антирасисттик саясат жүргүзгөн Африкалык Улуттук Конгресстин ишмердүүлүгү токтотулуп, анын лидери Нельсон Мандела 1973-ж. өмүр бою түрмөдө отурууга өкүм кылынды. 1984-ж. кабыл алынган жаңы конституцияда айрым чектөөлөр алынып салынып, үч палаталуу (актар, түстүүлөр, индиялыктар) пар­ламент түзүлгөн. 1973-ж. БУУ А-ге тыюу салуу тууралуу конвенция кабыл алган. 1989-ж. Де Клерк президент болуп шайланган соң, эл аралык коомчулуктун кысымы менен расалык белгиси б-ча дискриминациялаган мыйзамдардын көпчүлүгү алынып салынган. 1994-ж. Нель­сон Мандела түрмөдөн бошоп чыгып, ТАРдын президенти болуп шайланышы менен А. токтотулган.
К.Алымкулов.