АОМЫНЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:38, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АОМЫНЬ, М а к а о Чыгыш Азиядагы ай­мак. Кытайдагы өзгөчө адм. район. Түш. К­ытай деңизинин жээгинде, Сицзян д-нын чатында жайгашкан. Аомынь ж. а-н, Ханьцзыдао (Тайпа), Цзюадао (Колоане) а-н камтыйт. Аянты 24 км2. Калкы 516,2 миң (2010); а. и. 95% кытайлар, 3% португалдар. Будисттер 45%, католиктер 7%, 1% протестанттар. Калкынын 46% ке жакыны эч кандай дин тутпайт. Адм. борбору – Аомынь ш. Расмий тили – португал ж-а кытай тилдери. Акча бирдиги – патакака.
Ай Аймагында байыртадан эле кытайлар отурукташып, Кытай империясынын бир бөлүгүн түзүп келген. 16-к-дын башында 1557-ж. А-нын жээгине кемелер м-н португалиялык көпөстөр келишип, Кытай өкмөтүнүн уруксаты м-н ижарага жер алышып, бекем фактория түзүшкөн. Андан соң иезуиттер келип, миссионерлик м-н гана алектенишпестен, пайдалуу жагы көп жибек сатууга киришкен. Португалия мамлекети А. аймагын сүргүнгө айдалчу жай катары да пайдаланышкан, 1550-жылдын 2-жарымынан португал акыны Л. Камоэнс сүргүндө бол­гон. Англия-кытай согушунан кийин (1840-42) Кытай мамлекетинин начарлашынан пайдаланып, Португалия 1848-жылдан ижара акысын төлөөнү токтотушуп, аймакты ээликке айланткан. 1941-45-ж. Япония басып алган. 1951-ж. Португалиянын «алыскы деңиз провинциясы» деген статус алган. 1987-ж. КЭР м-н Португалия өкмөтүнүн биргелешкен макулдашуусунан кийин 1999-жылдын аягынан А. аймагы Кытайга өткөн. Кытай өкмөтү Гонконгдогудай «бир өлкөдө – эки система» саясатын жүргүзүп келүүдө.
Ички дүИчки дүң продукциясы (ИДП) 51,8 млрд долларды (киши баптына бөлүштүргөндө 87,3 миң доллардан туура келет; 2013) түзөт. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү – 87%, өнөр жайыныкы - 12%, а. ч. 1%. 1980-жылдан ИДП тез темп м-н өсө баштаган. Ага аймактын геогр. абалы, соода кылууга ыңгайлуу шарттары, өндүрүштөрүнүн экспорттук товарларды чыгарууга багытталышы экспорттук, импорттук товарларга тарифтин жоктугу, салыктын төмөндүгү түрткү болду. Экономикасында калктын 62,3% (а. и. 18,3% – өнөр жайда, 29,5% – башкарууда ж-a тейлөө чөйрөсүндө, 27%ти соодада, мейманкана ж-a ресторан бизнесинде, 8,9% финансы сферасында, 8% курулушта, 7% транспорт м-н байланышта, 1,3% а. ч-нда) эмгектенет. Экономикасынын негизин – туризм, текстиль буюмдарын, электрондук компоненттерди, оптика, оюнчук жасоо ж. б. түзөт. Туристтерди өзүнө тарткан (жылына 12 млндой турист келет; анын 48% Кытайдан, 39% Сянгандан, 9% Тайвандан) кызыктуу кумар бизнеси (3,7 млрд доллар, ал бюджеттик кирешенин 1/3ин түзөт; 2003) өнүккөн. А. Азиянын негизги офшордук финансы борборлорунун бири. Валютаны либералдаштыруу б-ча мыйзамдуулук капитал ж-a валюта алмаштыруу операцияларын эркин жүргүзүүгө шарт түзөт; 20дан ашык банк (а. и. эл аралык ири банктардын бөлүмдөрү), 20дан ашык камсыздандыруу компаниялары иштейт. .
Ун-т (1991-жылдан), Политех, ин-т (1991), Азия эл аралык ачык ун-ти, Туризм ин-ту, Илим ж-a технология жеке менчик ун-ти иштейт. Ама храмы (16-к.), музей, көптөгөн парктар бар.
Темир жол жок. Аомынь ж. а., Ханьцзыдао ж-a Цзюадао а. көпүрө аркылуу байланышат. Автомобиль жолунун уз. 345,2 км (2003). Деңиз порту (А. ж. а-нда). Эл аралык аэропорту (Хань­цзыдао а-нда) бар. Сыртка бут кийим, электро­ника, фарфор, оюнчук, хим. продукциялар, кустардык буюмдар чыгарылып, сырттан сырьё, полуфабрикат, тиричилик товарлары, машина ж-a жабдуу алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Кытай, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Сянган.

Р. Карачалова.