АНАДОЛУ КҮРӨҢ КӨМҮР БАССЕЙНИ
Jump to navigation
Jump to search
АНАДОЛУ КҮРӨҢ КӨМҮР БАССЕЙНИ – Түркиядагы күрөң көмүр кендери жаткан зор аймак. Аянты 30 миң км2 дей. Анадолу бөксө тоосунун Альп бүктөлүү аймагында жайгашкан.Байыртадан белгилүү; мында 40тай кен ачылган. Көмүрдүн жалпы геол. запасы 3,8 млрд т
Кен негизинен (88%) ачык жол менен казылып
алынат. Палеоген жана неогендин көмүрлүү
чөкмө тек катмарларынын арасында өтө татаал
түзүлүштөгү өнөр жайлык 5 кабат жатат. Палеоген кабаттарынын калыңдыгы 1,5-2,5 2,5 м, неогендики 5-20 м. Көмүрдүн нымдуулугу 40%,
күлдүүлүгү 15-35%, жылуулук берүү энергиясы
12–20 МДж/кг көмүр электр энергиясын алууга
пайдаланылат.