АНТРОПОМОРФИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОМОРФИЗМ (антропо... жана ...мор­физм) – материалдык жана руханий объекттерге: тоо-таштарга, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө, мифологиялык каармандарга (күчтөргө) адам сапаттарын ыйгаруу. Бул көрүнүш байыр­кы диний ишеничтер менен тыгыз байланыштуу. Ал тууралуу кыргыздын көөнө фольклорунан көрөбүз. Анда жаныбарлар (айбанат, канаттуу) жана жансыз нерселер адамча сүйлөйт («Эр Төштүк» эпосундагы – Чалкуйрук, «Кожожаштагы» -Сурэчки, «Кыямат» романындагы – Акбара).