АЮ КУЛАК
Jump to navigation
Jump to search
АЮ КУЛАК (Verbascum) ‒ эки же көп жылдык отоо чөп, айрымдары бадал сымал өсүмдүк. Норичниктер уруусуна кирет. Сабагы тик өсөт, жалбырагы боз түк менен жыш капталган, уз. 60‒220 см. Тик жалбырагы жоон сабагынын тамырлаш жагын курчап жайгашат, уз. 30‒50 см, эни 12‒14 см. Топ гүлү-шыпыргы, машак сымал же чачы. Гүлдөрү сары же сыя түстүү. Мөмөсү–тоголок же узата келген кутуча. Европа, Алдынкы Азия, Түн. Африка, Америкада 300, Кыргызстанда 7 түрү бар. Жол боюнда, шалбаада өсөт. Кадимки жана дары А. к-тын гүлү какырык чыгаруучу,ичти жумшартуучу дары катары колдонулат.