АЭРОЗОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЗОЛДОР (аэро… лат. solutio ‒ эриме) ‒ көзгө илешпеген майда бөлүкчөлөрдүн (дисперсиялык бүркүндүлөр) абада же газда чаӊгыттап турушу. Табиятта кезигүүчү А. ‒ түтүн, боз, булут, туман жана чаӊ. Түтүн газ абасындагы хим. заттардын жаӊы фаза пайда кылуу менен аракеттенишинен, күйүүдөн ж. б.; туман суюктуктун көзгө илешпеген майда тамчыларынын абада таралышынан пайда болот. Чаӊдын А-у калкып көтөрүлүп, абаны булгап, боз тунарык түшүрөт. Ал а. ч-да, медицинада, ветеринария да ж. б. колдонулат.