АЭРОДИНАМИКАЛЫК КОЭФФИЦИЕНТТЕР
Jump to navigation
Jump to search
АЭРОДИНАМИКАЛЫК КОЭФФИЦИЕНТТЕР ‒ суюктукта же газда кыймылдаган нерсеге аракет эткен аэродинамикалык күчтү жана моментти мүнөздөөчү өлчөмсүз чоӊдуктар. Аэродинамикалык күчтөрдү жана моменттерди өлчөмсүз А. к. түрүндө туюнтуу аэродинамикалык изилдөөгө жана эсептөөгө чоӊ таасир берет, аларды бир топ жөнөкөйлөтөт. Жапыз, үн ылдамдыгынан жай учкан, мах саны М<0,2 барабар чоӊ учуучу аппараттарда А. к. анын формасына ж.б. көз каранды. Жалпы учурда А. к. газдардын илээшкектигин, кысылуусун жана жылуулук сыйымдуулугун мүнөздөгөн өлчөмсүз окшоштук ченемдерине көз каранды.