АЭРОДИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОДИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК – абада кыймылда болгон нерсеге аракет этүүчү аэродинамикалык күч. Ал нерсенин кинетикалык энергиясынын кайталангыс жылуулук энергиясына өтүшүнөн пайда болот. А. к. ‒ учуучу аппараттын эӊ негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Алардын учуу-тех. ырааттуулугун, айрым учурда алардын кыймылдаткычынын керектүү тартуу кубаттуулугун аныктайт. Ал нерсенин формасына, өлчөмүнө, кыймыл багытына, кыймыл ылдамдыгына, чөйрөнүн касиеттерине жана абалына көз каранды. Кинетикалык энергиянын чачырашы жана жылуулук энергиясына өтүүсү ‒ агымдын куюнга айлануусунан, согуу толкунунун пайда болушунан жана беттердин аэродинамикалык ысышынан келип чыгат. Идеалдык кысылбас суюктукта куюндун жана согуу толкунунун пайда болушу мүмкүн эмес, ошондуктан теорияда А. к. пайда болбойт.