АНТРОПОГЕН МЕЗГИЛИ
АНТРОПОГЕН МЕЗГИЛИ (системасы), төртүнчүлүк мезгили – жердин геол. өнүгүү тарыхынын бүгүнкү күнгө чейинки уланып жаткан эң акыркы мезгили; стратиграфиялык шкаланын эң акыркы системасы (к. Геохронология). Узактыгы 0,6 млн жылдан 3,5 млн жылга чейин деп эсептелет. 1823-ж. Бакленд бул мезгилди «дилювий» деп атаган. 1829-ж. француз окумуштуусу Ж. Денауайс төртүнчүлүк системасы деп бөлгөн. 1922-ж. орус геологу А. П. Павлов мезгилдин башталышында адам баласы пайда болгондугуна байланыштуу антропоген (гр. antropos – адам, genos – пайда болуу) меззгили деп атоону сунуш кылган. Бирок кабыл алынган эл аралык стратиграфиялык схемасы түзүлө элек. Көбүнчө А. мезгили байыркы (эо), о р т о н к у (мезо), кийинки (нео), ‘‘‘плейстоцен жана голоцен деген 4 бөлүктөн турган (Qj, Qn, Qm, Q^) схемасы пайдаланылат. А. мезгилинде жер бетинде суу күч алып, климат өзгөргөн, азыркыдан үч эсе көп муз каптоолор жүргөн. Анын таасиринен өсүмдүктөр менен жаныбарлар кыргынга учурап, суукка чыдамдуу мамонттор, жүндүү кериктер гана жашоосун уланткан. Бирок кийин алар да толугу менен жок болгон. Адам баласынын пайда болулушу, өсүп-өнүгүү тарыхы А. мезгили менен тыгыз байланышкан. Мезгил ичинде ири тектон. кыймылдар жүрүп, Евразиядагы альпы бүктөлүү аймагын, Тынч океандын жээктерин, Теңир-Тоо, Алтай, Саян тоолорун кучагына алган. Азыр ркы учурдагы жер титирөөлөр ошо кездеги тектон. кыймылдардын уландысы болуп эсептелет. Ал кездеги кургактыктар менен деңиздер азыркыга окшош келип материктерге континенттик чөкмөлөр (лёсс, алювий, пролювий, муз-көл чөкмөлөрү, эолдук кумдар ж. б.) кеңири тараган. Топурак кыртышы пайда болгон. Саздардан чымкөң орун алган. Алтын, платина жана алмаздын чачынды кендери, курулуш материалдары топтолгон. Мезгилдин өз алдынча өзгөчө проблемалары жана изилдөө ыкмалары болгондуктан, төртүнчүлүк геологиясы деген илимий тармак келип чыккан.
Ад.: Марков К. К., Лазуков Г. И., Николаев В. А.Червертичный период, т 1-3, М., 1965-67; Чарыгин М. М., Васильев М. М. Общая и историческая геология. М., 1968..