АШУБАЕВА Зина Жекшеновна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШУБАЕВА Зина Жекшеновна (1935-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Кызыл-Туу айылы) ‒ химия илимд. доктору (1982), проф. (1989). Москва текстиль ин-тун бүтүргөн (1958). Кыргыз ССР ИАнын химия ин-тунда ил. кызматкер, лабор. башчы, 1994-жылдан КР УИАнын химия жана хим. технология ин-тунда башкы ил. кызматкер. 150 ил. эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын, 30дай автордук күбөлүктүн автору. Алар негизинен пектин заттарынын химиясы жана технологиясына арналган. Ойлоп табуучулардын эл аралык уюмунун (Женева) алтын медалы менен сыйланган (2004). Эмг.: Химические реакции пектиновых веществ . Ф., 1984; Применение петиновых веществ в медицине (в соавторстве). Б., 1989; Металлокомплексные производные пектинов и их применение (в соавторстве). Б., 1991.