АНТРАЦЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРАЦЕН, С14Н10 – конденсацияланган ароматтык углеводороддор. Түссүз кристалл, б. эрүү t 216,6°С, кайно t 351°С, орг. эриткичтерде аз эрийт; эритмеси кызгылт көк. Техникада А. таш көмүр чайырынын 300-350°Сде кайноочу фракциясынан бөлүнүп алынат. Синтездик жол менен Фридель-Крафтс же Фиттинг реакциясынан, о. эле антрахинонду калыбына келтирүүдөн алы­нат. 1-жолу 1832-ж. таш көмүр чайырынан табылган. А-дин мезо-көмүртек атомдору реакцияга оңой кирет, анын кычкылданышынан антрахинон алынат.