АНТОНИЙ МАРК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:19, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТОНИЙ МАРК (б. з. ч. 83-30-ж.) – римдик саясий ишмер ж-а кол башчы. Юлий Цезардын жактоочусу. Цезарь өлгөндөн кийин сенат ага каршы аскерлерин жиберип, 43-ж. А. жеңилет. 42-ж. Октавиан ж-а Лепид м-н бирдикте Бруттун ж-а Кассийдин аскерлерин талкалап, 2- триумвиратты негиздеген. Андан кийин А. Рим державасынын чыгыш провинцияларын алып, ал жерде чексиз бийлик жүргүзгөн. Египет ханышасы ы Клеопатра м-н жакындашып, Клеопатрага ж-а анын балдарына чоң аймактарды тартуу кылган. Ага нааразы болгон Сенат Клеопатрага каршы согуш жарыялап, Акций кысыгында египеттик флоттун жеңилиши (31-ж.)м-н аяктаган. Октавиандын аскерлери Египетке басып киргенден кийин, А. өзүн өзү өлтүргөн.