АНТИЛЬ-КАРИБ ОБЛУСУ
Jump to navigation
Jump to search
АНТИЛЬ-КАРИБ ОБЛУСУ – Түн. жана Түш. Америка континентинин ортосунда жайгашкан тектоникалык облус. Негизинен кичи Кариб литосфера плитасын көрсөтөт (өлчөмү 3000х1000 кмдей). Түн. жана Түш. Америка плиталарынын жылышуусунан бөлүнгөн. Анын астында чыгыштан батышка карай Анлантика жана Тынч океандын литосферасынын бөлүгү жатат.