АНТИКЛИНАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИКЛИНАЛЬ (анти... жана гр. klino – төмөн ийем), антиклиналь бүктөлүүсүтоо тек катмарларынын балык жон тартып бүктөлүшү (к. сүрөт). А-дын борб. бөлүгү эзелки, ал эми чет жактары кийинчээрек пайда болгон катмарлардан турат. А. бир нече смден жүздөгөн мге созулушу мүмкүн (к. Буктөлуулөр).

А-дын ийилген жери – кулпусу, капталдары - канаттары, ошол канаттарынын кошулган жери октук бети деп аталат. Октук бет менен канаттардын мейкиндикте жайгашуусуна жараша тик, жантык, көтөрүлгөн жана жатып калган А. деген түрлөргө бөлүнөт. Узуну туурасынан бир нече эсе ашыктык кылса – сызыктуу А., ал бир аз чоңураак болсо, казанбак (купол) деп аталат.