АНТИГИТЛЕРДИК КОАЛИЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИГИТЛЕРДИК КОАЛИЦИЯ– 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндөгү (1939–45) Германия, Италия, Япония жана алардын саттелиттеринин агрессиячыл блогуна каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн мамлекеттердин жана элдердин союзу. Ага СССР, АКШ, Англия, Франция, Кытай, о. эле Югославия, Польша, Чехословакия, Австралия, Бразилия, Индия, Канада, Эфиопия ж. б. мамлекеттер кирген. Фашисттик агрессорлор тарабынан басып алынган аймактардагы партизандык жана Каршылык көрсөтүү кыймылдары, бүткүл дүйнөдөгү антифашисттик, пацифисттик уюмдар А. к-га чоң жардам беришкен. А. к. 1941-ж. июнда фашисттик Германиянын СССРге кол салуусуна байланыштуу түзүлө баш-таган жана буга катышуучулардын союздаштык мамилелери 1942-ж. 1-январдагы 26 мамлекеттин Вашингтон декларациясында, о. эле андан кийинки бир катар документтерде бекемделген. Декларацияга кол койгон мамлекеттер бардык аскердик, экон. ресурстарын фашисттик өлкөлөргө каршы күрөшкө багыттоого жана алар менен сепараттык келишимдерге кол койбоого милдеттенишкен. 2-дүйнөлүк согуш бүтөөрүндө 53 мам-лекет фашисттик блоктогу өлкөлөр менен согуш абалында турган. А. к. өз милдетин ийгиликтүү аткаруу менен 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде жеңишке жетишүүдө зор роль ойногон.