АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ (1961 -ж. чейин сов. жана англ. карталарда Грейама жери, амер. картада Палмера ж. а., чили картасында О’Хиггинс жери, аргентина картасында Сан-Мартин жери аталган) – Антарктида аймагынын бир бөлүгү. Болжол менен 1200 кжге түндүккө, Түш. Американы карай созулат. Жазылыгы 200 км-дей. Бийикт. 4191 мге чейин. Борб. бөлүгүн мөңгүлүү плато (бийикт. 1500–2000 м) ээлейт. Жээгинин айрым жеринде муз каптабаган тоо массивдери кездешет. А. ж. а-нда антарктидалык ил. станциялардын 1/4 жайгашкан.