АНТАЛЬЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАЛЬЯ (Antalya) – Түркиянын түш.-батышындагы шаар. Анталья илинин (адм.-айм.бирдик) адм. борбору. Калкы 1,1 млн (2015). Жер ортолук деңиздеги Анталья булуңунун жээгинде, Батыш Тавр кырка тоосунун этегинен баштап, тектирчеленип жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт; Жер Ортолук деңиз жээгиндеги эң ири эл аралык аэропорт. Деңиздик климаттык курорт. 1990-жылдан эл аралык туризм жана эс алуу борбору катары ургалдуу өнүгүүдө. Музей (баалуу археол. коллекциялары менен), текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Айыл чарба продуктыларын (негизинен цитрус өсүмдүктөрүн) иштетүү борбору. Б. з. ч. 159–138-ж. пергама падышасы Аттал II негиздеген, анын урматына Атталия аталган. 1207-ж. селжуктар басып алган. 13-к-да Анадолу кербен соода жолунун акыркы чеги. 1391-жылдан Осмон империясынын курамында. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Италияга берилип, 1921-ж. түрк аскерлери бошоткон. Үч аркалуу Адриан дарбазасы, минарет (13-к.), Оттоман эстеликтери сакталган.

Р. Карачалова.