АНТАЛКИД ТЫНЧТЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАЛКИД ТЫНЧТЫГЫ (б. з. ч. 387-ж.) – Афины менен Фива жетектеген грек полистеринин коалициясы менен Спартанын ортосундагы тынчтык келишими. Келишим Коринф согушу (395–387) аяктагандан кийин түзүлгөн жана Спартанын өкүлчүлүгүнүн башчысы Анталкиддин аты менен аталган. Персия алгач Спартага каршы күрөшүп, кийинчерээк Спарта менен бирдикте Афиныга каршы союз түзгөн. Ошондуктан, негизинен Персия тарабынан таңууланган А. т. шарттары б-ча Грекия грек-перс согушунда б. з. ч. 500–449-ж.) жеңип алгандарынан ажыратылып, Кичи Азия шаарлары кайрадан Ахемениддер династиясынын карамагына өтөт. А. т. шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө Спартага тапшырылып, анын натыйжасында Грекияда Спартанын таасири жогорулаган. Бул келишим Грекияда саясий бытырандылыктын жана ич ара күрөштүн күчөшүнө алып келген. А. т-нын тексти Ксенофонттун «Грек тарыхында» баяндалат.