АНТАБЛЕМЕНТ
Jump to navigation
Jump to search
АНТАБЛЕМЕНТ(фр. entablement) – горизонталдык төрт кырдуу устундар системасынын арх-ралык образын түзгөн ордердин жогорку бөлүгү.
Классикалык арх-ранын ордериндеги айрым бөлүктөр: архитрав, фриз жана карниз А-ти түзөт. Бул бөлүктөрдүн бийиктик катыштары ар кайсы доорлордун ордерлери менен курулуштарында ар башка болгон. Көп учурда фриз бийиктиги б-ча архитравга барабар же андан бир аз бийик болот. Ал эми карниз фризге барабар же яттдятт бир аз чоң болот. А-тин бийиктиги жалпысынан колоннанын бийиктигине болжол менен 1х4дей тиешелүү.