АНОА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОА (bubalus depressicornis) – кепшөөчүлөр түркүмчөсүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү, кээде өзүнчө урууга киргизет. Азыркы жапайы букалардын эң кичинеси; дене уз. 100-170 см, өркөчүнөн бийикт. 62-100 см, салм. 150-300 кг . Мүйүзү кыска, түз, кесилишинде үч бурч, жогору же артын көздөй кайрылат. Түсү кочкул-күрөң, тумшугунун үстүндө, тамагында жана бутунда ак тактары бар; музоосу калың саргыч-күрөң жүн менен капталган. Сулавеси а-н гана мекендейт, демейде саздуу токойдо жана калың бадал арсында жайшайт; антрпогендик ландшафтка кирбейт. Жалгыз же жубу менен жашайт. Жер бетиндеги жана суу өсүмдүктөрү, мөмөлөр менен азыктанат. Жалгыздан, кээде эгиз тууйт. Жергиликтүү эл эти жана териси ( ритуалдык кийим даярдоого) үчүн өтө аңчылык кылгандыктан саны азайып кеткен. ТКЭСтин (МСОП) кызыл китебине катталган. (сүрөтү бар, БРЭ, 2-том, 13-бет).