АННАН КОФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АННАН КОФИ(8. 4. 1938, Кумаси, Алтын Жээк – 18. 8. 2018, Берн, Швейцария) – ганалык дипломат. БУУнун Генералдык секретары (1997–2006), 2012-жылдын 24-февралынан 31-августуна чейин БУУнун жана Араб лигасынын Сириядагы чыр-чатакты жөнгө салуу б-ча атайын чабарманы. Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты (2001). АКШнын Миннесота штатындагы Макаластер колледжин (1961), Массачусетс технол. ин-тун бүтүргөн.

АННАН КОФИ 96.png

1962-жылдан БУУнун ден соолукту сактоонун Бүткүл дүйнөлүк уюмунда, Аддис-Абебадагы Африка үчүн экон. комиссиясында, Исмаилидеги БУУнун Атайын куралдуу күчтөрүнүн катарында качкындар иштери б-ча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармасында кызмат өтөгөн.1987–92-ж. БУУнун борб. аппаратында адам ресурстары б-ча Генералдык секретардын жардамчысы жана коопсуздук маселелери б-ча координатору, 1993–94-ж. Генералдык секретардын тынчтыкты сактоо маселелери б-ча жардамчысы, 1994–96-ж. анын орун басары. А. К. Ирак-Кувейт согушун токтотууга, Босния жана Герцеговина, Чыгыш Тимор маселелерин жөнгө салууга зор салым кошкон жана БУУну реформалоо б-ча иш-чараларды ишке ашырууда активдүү роль ойногон.

Н. С. Усупова