АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:27, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ – азыркы учурда санариптештирүү дооруна ылайык байланыш техникасынын жетишкендиктерин пайдалануу, т. а. интернет аркылуу окуучуларга аралыктан үзгүлтүксүз билим берүү. Дистанттык окуу, интерактивдүү режимде эки же андан көп адамдын, эки же андан көп жерден бири бири м-н байланышы. Аралыктан окуу билим берүүнүн эффективдүү ж-а сапаттуу чөйрөсү болуп саналат. Интернет аралыктан окууда эң керек болгон абдан көлөмдүү ж-а маанилүү ресурс болуп эсептелет. Бул негизинен күндүзгү окутуу учурундагыдай эле мугалимдин окуучу м-н бол­гон байланышын камсыз кылат.