АНЕСТЕЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕСТЕЗИЯ (гр. austhesis – сезим) – тери, булчуң жана ички сезүү органдарынын сезгич нервдеринин жабыркашынан же аларга нерв козголуулардын (импулстардын) өтүшүнө тоскоол кылуучу заттардын таасиринен сезгичтиктин толук же жарым-жартылай жоголушу. Хирург, операцияда атайын берилген наркоз заттарынын таасиринен кесиле турган жердин оорубай (сезбей) калышы А-нын жардамы менен жүргүзүлөт. Ооруну сезбей калуу айрым нерв ооруларында (истерия, психоз) да кезигет. Илгертен эле А. үчүн кол-буттун нервдерин кысуу, тондуруу жана териге ар кайсы дары заттарды сыйпоо колдонулган. 1905-ж. новокаин ачылгандан кийин анын жаңы доору башталды. А. дарылары нерв клеткаларынын сезүүсү кайра калыбына келе тургандай таасир тийгизет. Ал хирург. операцияда, жаракатта, кээ бир ооруларда, о. эле дарылоодо жана илдетти аныктоодо оору сезимин болтурбоо максатында жасалат. Анын акыл-эстен убактылуу ажыратуучу (жалпы), айрым гана жерди оорутпоочу (жергиликтүү) ыкмалары бар. А-нын ачылышы хирургиянын тез өнүгүшүнө түрткү берди. Операцияда кесиле турган дене бөлүгүнүн ооруу сезимин жоготуу үчүн новокаин эритмеси ийне менен ткандарга куюлуучу жерг. А. кеңири колдонулган. Кийинки мезгилде ден соолук үчүн зыяндуу эмес наркоз иштелип чыгып, жерг. А. аз пайдаланылат. Ал тез бүтүүчү операцияда же организм наркозду көтөрө албаган учурда колдонулат.