АНДЕЗИТ
Jump to navigation
Jump to search
АНДЕЗИТ (Түш. Америкадагы Анд тоолорунун атынан) – порфир структурадагы эффузив
тоо теги. Курамында Si02 54-62% жана K20+Na20
6% ке чейин. 1836-ж. нем. геологу К. JI. Бух алгачкы жолу аныктаган. Негизинен жанар тоо
айнегинен турат; айнектин арасында плагиоклаз, андезин, пироксен, кээде магнетит, роговая обманка сыяктуу минералдардын кристаллдары учурайт. А. курамы кремний (56–60%)
жана калийден, магнийден, кальцийден, темирден турган жанар тоо лаваларынын жер үстүндө
же ага жакын тереңдикте сууп, катууланусунан пайда болот. Базальттар менен чогуу азыркы жана байыркы жанар тоолордун аймактарында, жер үстүнө чыккан тоо тектердин негизги
бөлүгүн түзөт. А. к-таларга чыдамдуу буюмдарды жасоодо жана курулуш иштеринде пайдаланылат.