АНДАРАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДАРАК (тажикче – дарактуу жер) – Баткен обл-нун Лейлек р-ндагы кыштак. Сумбула айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Исфана ш-нан 11 км түш.-батыш тарапта. Пролетарок темир жол бекетинен (Тажикстан) 56 км. 1870-ж. отурукташкан. Деңиз деңг. 1640 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 5746 (2009); негизинен тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, кафе, чайкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.