АКТЁРДУК ИСКУССТВО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ сахналык образ түзүү өнөрү. А. и. пьесанын маанисине, жанрына, стилине ж. б. жараша болот. Театр оюнун көрсөтүүдө актёр ойноп жаткан каармандын ички дүйнөсүн ачып, мүнөзүн табууга аракеттенет. Буга ал тубаса мүмкүнчүлүктөрү: үнү (операда, вокалдык иск-водо), дене түзүлүшү, кыймыл-аракети (балетте, бийде), мимикасы, байкагычтыгы, элестете билүүсү, эске тутуусу аркылуу жетишет. Образдын сырткы кебетесин берүү үчүн актёр гримди (кээде беткепти), костюмду пайдаланат. А. и-нун негизги максаты ‒ турмуштук көрүнүштү оюн түрүндө кайталап көрсөтүү. Анын элементтери байыркы заманда эле диндик, эмгектик, үрп-адат салттарында пайда болгон. Б. з. ч. 5-к-да Байыркы Грекияда актёрлор атайын балдак (катурна) м-н боюн узартып, ар кандай беткеп кийип, үндөрүн катуу чыгаруу үчүн түрдүү чараларды колдонгон. Байыркы Римде А. и-го айрыкча аскиячыл Эзоптун ж-а куудул К. Росцийдин чыг-лыгы дем берген. О. к-да Европада карнавал, оюн-зооктор, социал. шылдыӊ-тамаша, какшыктар кеӊири тарап, аткаруучулук өнөрдү такшалткан. Россияда 10‒11-к-да эл кыдырып оюн көрсөткөн скоморохтор пайда болгон. 16‒17-к-да Европа

да, айрыкча Англияда, Испанияда актёрдук өнөр кесип катары кабыл алынат. Буга Шекспирдин, Лопе де Веганын, Кальдерондун чыгармаларын аткаруу зор демилге болот. 17‒18-к-да Францияда калыптанган классицизм доору актёрдук аткаруучулукка жаӊы талап коёт. Актёрдун сахнадагы жүрүш-турушуна, үнүнө (вокал) айрыкча көӊүл бурушат. 18‒19-к-да Мольердин, Гётенин ж. б. чыгармаларын аткарууда ал амплуа б-ча калыптанат, б. а. ар бир актёр өзүнө таандык трагик (кайгылуу), комик (куудул), лирик (ашык болгон) резопер (насаат айткан акылман) болуп бөлүнүп, сахнада бир беткей гана ролдорду аткарат. 19-к-дын соӊунда Россияда өз жолу м-н калыптанып, замандын талабына, чыныгы турмушка (реализмге) үндөшө баштайт. Буга А. Пушкиндин, А. Грибоедовдун, А. Сухово Кобылиндин, А. Островскийдин, кийин А. Чеховдун, М. Горькийдин сахналык чыгармаларын аткаруу негиз болот. Орустун белгилүү сахна ишмерлери Ф. Г. Волков, М. С. Щепкиндин демилгеси м-н А. и-нун өзүнчө мектеби калыптанат. Россияда 19-к-дын 2-жарымынан реалисттик А. и. идеялык жактан чоӊ күчкө, чеберчиликке жетишкен. Актёрду тарбиялоодо К. С. Станис лавский түзгөн методология дүйнөлүк мааниге ээ болду. 20-ж-да орустун реалисттик мектепте ринин алдыӊкы салттарынын негизинде өзбек, тажик ж. б. элдердин А. и-сунун улуттук мектептери пайда болгон. Кыргыздарда А. и-нун элементтери акындардын айтышынан, куудулдардын өнөрүнөн (мис., Шаршен, Куйручук), улуттук оюндардан көрүнөт. Кырг-нда А. и. совет мезгилинде гана өзүнүн профессионалдык деӊгээлине жетти: СССР эл арт. М. Рыскулов, Д. Күйүкова, Б. Бейшеналиева, А. Мырзабаев, Б. Кыдыкеева ж. б. түзгөн образдарда идеялык тереӊдик, көркөм жетилгендик ачык көрүнөт.
М. Байжиев.