АНДАЛУЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДАЛУЗИТ (Испаниядагы Андалузия провинциясынын атынан) – минерал, силикаттар классына кирет. Хим. формуласы Al2Si205. Ромб сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,5–7,5, тыгыздыгы 3130-3160 кг/м3. С. салм. 3,16-3,21. Өңүбоз, кызгылт боз, кызгылтым, кээде түссүз. Айнек сымал жалтырак, отко чыдамдуу. А. метаморфизмделген сланецтер менен гнейстерде жолугат. Отко чыдамдуу керамикалык жука буюмдарды жасоодо пайдаланылат. Андан жогорку сапаттагы алюминий металын да алууга болот.