АЦЕТОН
АЦЕТОН (лат. acetum ‒ уксус), д и м е т и л к е т о н, СН3СОСН 3 алифаттык эӊ жөнөкөй кетон; мүнөздүү жыты бар, түссүз суюктук. Кайноо t 56,2°С. Суу, спирт, эфирлер менен бардык катышта аралашат, хим. активдүү зат. А. хлорду жана жегичти кошуудан хлороформго (CHCl3), ысытуудан кетенге (СН2СО) айланат. Андан башка оксим, оксинитрил ж. б. бирикмелерди берет. А. кальций ацетатын ысытуудан же уксус к-тасынын буусун церий, титан кычкылдарынын үстүнөн өткөрүүдөн, крахмалды өзгөчө бактериялардын жардамы менен ачытуудан жана пропиленди гидраттап, пайда болгон изопропил спиртин андан ары кычкылдандыруудан алынат. А. көпчүлүк орг. заттар үчүн (нитро- жана ацетил-целлюлозалар, ацетилен) эриткич катары, тамак-аш жана фармацевт өнөр жайларында, кетен, изопрен ж. б. орг. бирикмелерди алууда колдонулат. Айрым патол. абалда (мис., кант диабетинде) адамдын канында А. чогулуп, ууктуруучу таасир тийгизет.