АПОГЕЙ
Jump to navigation
Jump to search
АПОГЕЙ (апо... жана гр. ge – Жер) – 1) бир нерсенин эң жогорку баскычы. Көркөм чыгармада конфликттин апогейи, сюжеттин апогейи ж. б. болушу мүмкүн; 2) Айдын жана Жердин жасалма жандоочторунун орбита б-ча айлангандагы Жерден өтө алыс чекити. Астрономияда «апогей» термини жерди туюк орбита б-ча айлануучу асман телолоруна гана тиешелүү.