АТ КОНОК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ КОНОК (Phleum L.) ‒ дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жана бир жылдык чөп. Европа, Азия, Африкада 15 түрү бар. Кыргызстанда 4 түрү (шалбаа, талаа, альп жана шыпыргы сымал А.к.) өсөт. Бардыгы тоют өсүмдүк. Айрыкча (көп жылдык) шалбаа А. к-гу маанилүү. Бийикт. 140 смге жетет. Топ гүлү ‒ шыпыргы сымал чачык. Чымдуу, саздак, кара, боз топурактуу, кумдак жерде өсөт. Жакшы шартта 10 жыл бою мыкты түшүм берет. Шалбаа А. к. дан өсүмдүктөр менен кошо эгилип, аралаш тоютка пайдаланылат. Баш алган учурда эки жолу чабылат. Альп А.к. бийик тоолуу жайытта өсөт. Аны бардык мал жакшы жейт.