АУСКУЛЬТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АУСКУЛЬТАЦИЯ (лат. auscultatio ‒ тыӊшоо) ‒ адамдын органдарынан (өпкө, жүрөк, кан тамыр ж. б.) чыккан добушту тыӊшоого негизделген дарыгерлик изилдөө ыкмасы. Б. з. ч. 2-к-да гр. дарыгери Аретей жүрөктү 1-жолу тыӊшаган, ал эми фр. дарыгери Р. Лаэннек (1819) стетоскопту (мед. түтүк) колдонуп, А. методун иштеп чыккан. Дени соо адам дем алганда өпкөдөн өзгөчө добуш угулат. Ал эми өпкө жана бронх сезгенгенде нымдуу же кургак кырылдаган добуш чыгат. Жүрөктүн кадимки добушунун өзгөрүшү же андагы шуулдоо жүрөктө түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет. Кан тамырлар артериялык кан басымын өлчөөдө тыӊшалат. Курсакты түздөн-түз (денеге кулакты такап) же кыйыр (стетоскоп же фонендоскоптун жардамы менен) тыӊшап ичеги-карындын жыйрылуусун, о. эле жатындагы баланын жүрөгүнүн сокконун аныктоого болот.