АНГКОР-ТХОМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГКОР-ТХОМ (кхмерлердин “улуу шаары”) – кхмерлердин Камбуджадеша империясынын (12-к-дан 1432-ж. чейин) борбору болгон. Ангкоранын аймагында Жайавармана VII королунун буйругу менен курулган. Айланасы 3 км, квадрат түрүндө салынган. Таш дубалдарынын төрт жагында 4 дарбаза (бийикт. 8 мге жеткен) мунаралары менен курулган. Король жеңишке жеткенде 5-жеңиш дарбазасы салынган. Ал дубалдар айланта туурасы 100 м келген арык менен курчалган. Алар аркылуу 5 көпүрө-дамба тосмолору 54 гигант фигуралар (кудай жана шайтандар) салынган. Шаардын борбордук бөлүгүндө Байон храмы жайгашкан. Королдун жыгач сарайы менен калың кооз террасалары сакталган. Шаардын бир бөлүгүн парк ээлейт. Шаардын чегинде Пхимеанакас (10-к-дын орто чени), Бапхуон (11-кңдын орто чени) храмдары сакталган. А.-Т. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.