АЦЕТАЛЬДЕГИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦЕТАЛЬДЕГИД, у к с у с а л ь д е г и д и, СН3СНО ‒ кескин жыттуу, түссүз суюктук. Мол. масса 44; б. эрүү t 124°С; кайноо t 20,8 °C; cуу, спирт, эфир менен бардык көлөмдө аралашат. Касиеттери альдегиддерге окшош, альдолдук конденсация реакциясына оӊой кирет: 2СН3СНО ® СН3‒ СН(ОН) ‒СН2‒СНО. Минерал к-таларынын катышуусунда суюк паральдегидге (СН3 СНО)3 жана метальдегидге (СН3СНО) 4 полимерленет. Бул эки полимерди күкүрт к-тасын кошуп ысытканда А. пайда болот. Ал сымап тузунун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу жолу менен алынат (к. Кучеров реакциясы ). Уксус к-тасын, уксус ангидридин, бутадиенди, ацетальдолду, жасалма чайырларды ж. б. алууда колдонулат.