АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ– мыйзам күчүнө кире элек сот өкүмү ж-а чечимин өзгөртүш үчүн жогорку инстанцияга даттануу. Апелляциялык сот даттанууну кайрадан изилдейт да төмөнкү соттун чыгарган өкүмүн шексиз далилдер м-н кубаттайт же төгүнгө чыгарат. Байыркы Римде император Юстиниандын (527-565)тушунда А.д.сот өндүрүшүнүн маанилүү элементи катары колдонула баштаган. Батыш Европада борборлошкон мамлекеттердин пайда болушуна байланыштуу сот өндүрүшү андан ары улантылып.Римдин укук ин-ттарынын рецептурасынын негизинде граждандык укук процесстери калыптанган. Кийин Рим укуктарында калыптанган даттануу системасы Германиянын граждандык процессуалдык кодекси (1877, 1806) ж-а Франциянын кылмыш-жаза процессуалдык кодекстери м-н биротоло бекемделген. Учурдагы дүйнөлүк укук таанууда сот чечимин өзгөртүү б-ча даттануунун бирдиктүү формасьш кассация деп аташат. КРдин кылмыш иштер б-ча А. д. укугу соттолгон же акталган адамга, алардын адвокаттарына ж-а мыйзамдуу өкүлдөрүнө, күнөөлөчү адамга ж-а анын өкүлүнө, жабыр тартуучуга ж-а анын өкүлүнө таандык. Жарандык доочу, жарандык жоопкер ж-а алардын адвокаты жарандык доого тиешелүү иштин бөлүгүн токтотуу ж-дө өкүм же анын токтому тууралуу даттанууга укуктуу. А. д. тиешелүү облустук, Бишкек ш. ж-а КРдин аскер соту тарабынан каралат. Анын берүү тартиби, мазмуну, даттануу ж-а мөөнөтү ишти кароо эрежелери б-ча жүзөгө ашырылат.

Т, Асанов