АНГИДРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГИДРИТ– минерал, сульфаттар классына кирет. Хим. формуласы Са (S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак, бозомук, көгүш, кызгылт. Майда бүртүкчөлүү көгүш түрү вульпинит же бергам мрамору деп аталат. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3–3,5, тыгыздыгы 2980 кг/м 3. С. салм. 2,8–3. Сууга тийсе ным тарткандыктан көлөмү 30% ке чейин чоңоюп, гипске айланат. А. негизинен чөкмө түрүндө, кээде гидротерм жолу менен пайда болот. Жер семирткич катарында, цемент даярдоодо жана кооздук үчүн майда буюмдарды жасоодо пайдаланылат.т.