АНГАР
Jump to navigation
Jump to search
АНГАР (фр. Hangar), учаккана – самолётту, вертолётту коюу, тех. тейлөө жана оңдоо жүргүзүлүүчү жай. Жаа өткөөл жана рама констрдагы түрү кеңири таралган. Анын арышы көп учурда 100 мден ашык (2-3 самолёт батат). Анда самолёттор токтоо менен бирге алардын белен
жабдык бөлүктөрү сакталат, тех. тейлөө жумуштары жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Колдонулушуна жараша туруктуу (металл же болот бетон констр-дан), убактылуу (жыгачтан), жыйналма (болот же алюминий констр-дан) А-лар курулат. А. жүктөгүч-транспорт (жүктөгүч, араба ж. б.), байланыш, ишарат (сигнал), автоматтык өрт өчүрүүчү каражаттар ж. б. менен камсыздалат.