АТЫШОВ Боронбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЫШЕВ Боронбай (1930, Ош обл., Ноокат р-ну, Ата-Мерек кыш. ‒ 7. 4. 1984, ошол эле жерде) ‒ тамеки өстүрүүчү, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Эмгек жолун 1946-ж. Ош обл-нун Ноокат р-нундагы «Россия» к-зунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1956-жылдан тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири. Ал жетектеген бригада тамеки өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1965-ж. 29га жердеги тамекинин ар гектарынан 33,9 ц түшүм алган. 1967‒71-ж. Кыргыз

АТЫШОВ 142.png

ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.