АНАНАС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАНАС (Ananas)– бромель тукумундагы көп жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, уз. 80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү. Гүл жалбыракчасы бири бирине жабышып өсүп, сүйрү, чоң, сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салм. 2-15 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин,

АНАНАС 66.png

Тайвань, Цейлон а-дары, Инди-Кытай ж. б-да өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, к-талар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, о. эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям жана конфет жасалат. А-тын жалбырагынан баалуу тех. була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу менен көбөйтүүгө болот.