АНАМНЕЗ
Jump to navigation
Jump to search
АНАМНЕЗ (гр. anamnesis – эстөө) – ден соолугу, жашоо шарты, мурда кандай оору менен ооругандыгы ж. б. ж-дө бейтап өзү же аны жакшы билген адамдар билдирген маалымат жыйындысы. Дарыгер дарттын диагнозун туура коюу жана дарылоо үчүн пайдаланат. А.– дартты так табууга мүмкүндүк берүүчү изилдөө ыкмасы.