АНАЛИЗДИН ХИМИЯЛЫК МЕТОДДОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАЛИЗДИН ХИМИЯЛЫК МЕТОДДОРУ – заттын сапаттык, сандык курамын аныктоо ыкмасы. Хим. анализ сапаттык жана сандык, о. эле элементтик, мол., функциялык, изотоптук, фазалык болуп да айырмаланат. Хим. анализ салмактык (гравиметриялык) жана көлөмдүк (титриметриялык) ыкмалар менен жүргүзүлөт. Салмактык ыкмада аныкталуучу элементти анализденүүчү заттан эркин түрдө, чөкмө түрүндө же газ түрүндө бөлүп алып, анын салмагы ченелет. Көлөмдүк анализде эритмелердеги аныкталуучу ион менен реакцияга кирүүчү заттын белгилүү концент-дагы эритмесинин көлөмүн өлчөйт.