АК-ТҮЗ СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТЪЗ СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Ак-Түз кыш-нын жанында, Кемин темир жол бекетинен 48 км түн.-чыгышта, Кичи Кемин суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊг. 2260‒2600 м бийиктикте. 1942‒51-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагы пермдин гранофирлери менен жирелген, рифей мезгилинин жашыл түстөгү амфибол сланецтеринен, парагнейстерден түзүлгөн. Кенташ (руда) тулкулары контакт-метасоматикалык-гидро- термдик өзгөрүүгө дуушарланган амфибол сланецтеринде жайгашкан. Сейрек учуроочу металлдардын жана торийдин минералдашуусу кварцталган, хлориттелген, серициттелген роговик жана гранофирлер менен байланышкан. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, пирит, сейрек учуроочу минералдары ‒ вюртцит, марматит, халькозин, ковелин, борнит. Пайдалуу компоненттердин орточо өлчөмү: ниобий ‒ 0,012%, тантал ‒ 0,002%. Сейрек учуроочу металлдардын божомолдуу ресурсу ‒ 12800 т. Кен казып алынып бүткөн.