АТОМ РАДИУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:27, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АТОМ РАДИУСУ ‒ молекуладагы ж-а кристаллдагы атомдор (ядролор) ортосундагы аралыкты болжолдуу ченөөгө мүмкүндүк берүүчү чоӊдук. Ал ангстрем (Е) м-н өлчөнөт (1Е =10‒8 см). Кристаллдардын ички түзүлүшү ж-а тышкы формасы атом ж-а ион радиустарына көз каранды. А.р. металлдык ж-а коваленттик болуп бөлүнөт. Металлдык радиус үчүн элементтердин кристаллдык түзүлүшүндөгү атомдордун эӊ кыска аралыгынын жарымы алынат. Коваленттик радиус металл эместердин молекулаларындагы бир байланышынын узундугунун жарымына барабар. Кристаллдык химияда мааниси өтө чоӊ.