АНФИЛАДА
Jump to navigation
Jump to search
АНФИЛАДА (фр. еnfilade – жипке тизүү) – коомдук имараттын, ак сарайдын, менчик үйдүн интерьеринде мейкиндик перспективасын түзгөн, бир түз сызыкта жайгашкан эшик кашектеринин, бөлмөлөрдүн бири-биринин аркасынан орун алган ырааттуу катары. Имараттын композициялык огу катары Анфилада принциби классицизм бароккосунун ак сарайлар архитектурасына өзгөчө мүнөздүү, бирок дүйнөлүк архитектурада кеңири колдонулат. Анфилада тибиндеги курулуш Кыргызстанда да бар.