АСЫЛ ТУКУМ МАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ‒ тукумун жакшыртуу үчүн атайын тандалып алынган кунардуу, таза кандуу мал. Асыл тукумдуулук белгилер, айрыкча тукумдук эркек малда (кочкор, бука, айгыр ж. б.) болот. Ошондуктан таза тукум мал өстүрүү үчүн дыкаттык менен асыл тукумдук эркек мал тандалып алынат. Тукум куума сапатын жаӊыртып туруу максатында А. т. м. тандоо алардын теги жана тукумунун сапаты б-ча жүргүзүлөт. Теги кунардуу жана асыл тукумдуу бир нече муундан кийинки А. т. м. өтө баалуу деп эсептелет. Тукумунун сапаты, кунардуулугу жана теги документтер б-ча такталып, негизги көрсөткүч төрүнө (мис., сүт багытындагы уйдун сүттүүлүгү, сүтүнүн майлуулугу; эт багытындагы малдын төлүнүн тез чоӊоюшу; койдун жүндүүлүгү, жүнүнүн сапаты ж. б.) жараша аныкталат.