АЛЬФА-АЖЫРОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬФА-АЖЫРОО – атом ядросунун өзүнөн-өзү радиоактивдүү ажыроосунда а-бөлүкчөнүн бөлүнүп чыгуусу. Аны төмөнкү схема менен туюнтса болот:


мында, X – баштапкы радиоактивдүү атом ядросунун символу, У- ажыроодон пайда болгон ядронун символу, Z - ядро зарядын белгилеген индекс, ал ядронун символунун төмөн жагына, ал эми А – атомдук массанын индекси, ядро символунун өйдө жагына жазылат. А.-а-нун механизмы эки этаптан турат: 1) ядронун ичинде эки протон жана эки нейтрондун топтолушунан өзүнчө а-бөлүкчөнүн пайда болушу; 2) анын ядродон бөлүнүп, учуп чыгышы. Бул теорияны 1928-ж. Англияда Г. Герни менен Э. Кондон иштеп чыгышкан. Ядронун өзү а-бөлүкчө ж. б. нуклондор үчүн потенциалдык тоскоол болуп эсептелет. Бирок, а-бөлүкчөнүн толкундук касиети күчтүү болгондуктан тоскоолду аралап өтүп, ядродон бөлүнүп чыгат. Элементтердин мезгилдик системасында коргошундан кийин жайгашкан 200дөн ашык α-радиоактивдүү ядролор белгилүү.