АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ
Jump to navigation
Jump to search
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамды тегерете курчап турган жашоо‑тиричилик жана өндүрүштүк иш шарты. Адатта ага табигый чөйрөсү жана адам өзү жараткан материалдык чөйрө (курулуштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагычтар, каналдар, жолдор ж. б.) кирет. А.-ч.табигый чөйрөгө караганда кеңирирээк мааниде. Табигый чөйрөсү коргоого көбүрөөк муктаж болот. Анткени, адамзат жараткан чөйрөнүн объектилеринен табигый чөйрө жабыркап, алардын байланыштары үзүлүп, табигый тең салмактуулук бузулат. Демек, коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнө жана адамзаттын дээрлик геогр. кабыкты камтып иш чөйрөсүнүн кеңейишине жараша табиятты коргоо б‑ча комплекстүү иш‑чаралардын зарылдыгы келип чыгат.