АЖЫДААР ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫДААР ЧОПО КЕНИ Чүй обл‑нун Ысык-­Ата р‑нунда, Ивановка айылынан 28 км түш­түктө, Кыргыз Ала‑Тоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 1079‑1200 м бийиктикте. 1969‑ж. та­былып, 1973- жана 1987‑ж. геол. чалгындоо иш­тери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен айма­гын антропоген мезгилинде пайда болгон бор­поң тектер түзөт. Пайдалуу чопо катмары про­лювий‑аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болуп, кум‑шагылдын үстүндө жатат. Катмардын уз. бир нече кмге созулуп, калыңдыгы 7–20 м. Сар­гыч боз түстө. Арасында бирин‑серин гипс кези­гет. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм – 31,99–44,73%; 0,01–0,005 мм – 7,33–19,29%; 0,5–0,01 мм – 42,32–54,36%; суу сиңиримдүү­лүгү 18%. Чоподон Ивановка курулуш мате­риалдар комбинаты «75», «100» маркасындагы кирпич жасайт. Запасы В категориясы б‑ча 815 миң м3, C1‑1687 миң м3, B+C1‑2502 миң м3.1996‑ж. карата калган запасы В категориясы б‑ча 354 миң м3,C1–1671 миң м3, В+С1 – 2025 миң м3.