АНАМОРФОЗА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:35, 21 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАМОРФОЗА (гр. anamorphosis – жаңы түзүлүш, форманын өзгөрүшү) – ж и в о п и с т е атайын өзгөртүп, укмуштуудай ракурста көрүүчүлөрдөн сүрөттүн кээ бир жерлерин алып салып жашыруу. Ренессанс ж-а барокко сүрөтчүлөрү кеңири колдонушкан. Адегенде конус ж-а цилиндр түрүндөгү күзгүлөрдө өзгөргөн сүрөттөр кытай искусствосунда колдонулуп, кийин европалык сүрөтчүлөргө тараган (Ф. Пармиджанино. «Томпок күзгүдөгү автопортрет», 1523-24-ж., Көркөм сүрөт ж-а тарых музейи, Вена). Анаморфозанын темасы көбүнчө жашырылган образ: мис., Кенже X. Холбейндин «Француз элчилеринин портретинде» (1533, Улуттук гал., Лондон) бутунун жанында сүйрү буюм бир бурчка багытталган. Көрүүчүгө баш сөөк, б. а. «көңдөй сөөк» сыяктуу көрүнүп, автордун атын каймана көрсөтүүчү белги катары колдонулушу

мүмкүн. Айрым учурда укмуштуудай көрүнүштөр байкалат (чиркөөлөрдүн барокко фрескасында) кээде эки образ бирдей алынып, эки башка мотивде чагылдырылат
(мис., тоону ж-а адамдардын баштарын). А. Дж. Арчимбольдонун сүрөттөрүндө, С. Далинин чыгармаларында, 20-кылымдын искусствосунда кездешет.

Кенже X. Холбейн. «Француз элчилеринин портрети». 1533. Улуттук галерея (Лондон).