АСКАРИДАЛАР
Jump to navigation
Jump to search
АСКАРИДАЛАР (Ascarudas) – адам жана омурткалуу жаныбардын ичегисинде мителик кылуучу жумуру курттар. Киши жана чочко А-ы кеңири таралган. Ургаачысынын уз. 25-40, эркегиники 15-25 см. Ургаачысы суткасына 250 миңге чейин жумуртка тууйт, ал тамак же суу аркылуу кишинин ичегисине кирип, андан личинка жетилип, ичегинин былжыр челин көзөп, вена канына өтөт да, кан агымы менен жүрөккө, андан өпкө жана кекиртек аркылуу 2-жолу оозго барып, тамак сиңирүү системасына өтөт. Личинка ичке ичегиде чоң митеге айланып, 2-2,5 айдан кийин жумуртка тууй баштайт. Ал жумурткалар ээсинин заңы менен сыртка чыгат. А. коркунучтуу оору – аскаридозду пайда кылат.