АРОМАТТЫК БИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРОМАТТЫК БИРИКМЕЛЕР – туюк чынжырлуу, жалпак түзүлүштүү, орг. молекулалар жана иондор. Алар негизинен электрофилдик орун алмашуу реакцияларына оңой кирип, кычкылдандыргычтарга туруктуу. Бул бирикмелерге тиешелүү алгачкы заттар жыпар жыттуу (aromatos – жыпар жыттуу) болгондуктан «ароматтык» деп аталып калган. Кийинчерээк начар жыттуу же такыр жыты жок заттар да, жогоруда айтылган хим. жана физ. касиеттерге ээ, ошондуктан бардык бирикмелер үчүн «ароматтык» деген тарыхый ат сакталып калган. А. б-дин практикада маанилүүсү жана жөнөкөйү – бензол. Аларга бензолдун конденсациясынан пайда болгон нафталин, антрацен сыяктуу углевородороддор, алардын гомологдору менен туундулары: фуран, тиофен, пиррол, пиридин сыяктуу гетероциклдүү бирикмелердин гомологдору менен туундулары кирет. Бензол, конденсацияланган ароматтык углеводороддор жана гетероциклдүү А. б. таш көмүрдү кургак буулантып айдоодон пайда болгон чайырлардан жана синтез жолу менен, ал эми ароматтык иондор негизинен синтез жолу менен гана алынат. Алар практикада дары-дармек, боёк, жарылгыч заттарды жана ири мол. бирикмелерди алууда колдонулат.
Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990, Горелик М. В., Эфос Л. С. Основы химии и технологии ароматических соединений. М., 1992; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.

С. А. Адылов.